Кытайда бүктөмө смартфон сатыкка чыкты

Кытайда бүктөмө смартфон сатыкка чыктыКытайдын Royole компаниясы биринчи жолу экраны бүктөлө турган смартфон сатыкка чыгарганын жарыялады. Түбү кытайлык, борбору Калифорнияда жайгашкан анча белгилүү эмес бул компания Flexi Pai аталышындагы мындай смартфонун бет ачарын Бээжиндеги көргөзмөдө жасады.

Смартфон бүгүндөн баштап кардарларга сатыла баштайт. Баасы 1290 доллардан баштап 1853 долларга чейин.

Жаңы смартфон ачык турганда 19,8 см узундуктагы экранга ээ, бүктөлгөндө үч бөлүктөгү экранга айланат. Бул үч экран ар түрдүү көрүнүштөрдү бир учурда көрсөтө алат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты