БАЭнин Masdar компаниясы Кыргызстанда күн электр станциясын курат

  • 2 года мурун

Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнө таандык Masdar инвестициялык компаниясы Кыргызстанда кубаттуулугу 200 мегаватты түзгөн күндүн нурунан электр энергиясын алуучу станция курат. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү документке энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Абу Дабиге болгон жумушчу сапарынын алкагында кол коюлду.

Түзүлгөн келишимдин негизинде алгач 4 ай изилдөө иштери жүргүзүлөт. Июнь айында станцияны куруу иштери башталат.

План боюнча станция 2025-жылы эксплуатацияга берилет.

Инвестор катары Masdar компаниясы 200 МВтка 180 млн доллар, андан ары 1 млрд долларга чейин каражат салат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты