Түркия: Хажогжини өлтүрүү алдын-ала даярдалган иш болгон

Түркия: Хажогжини өлтүрүү алдын-ала даярдалган иш болгонЖурналист Жамал Хашогжи Сауд Арабиянын Стамбулдагы башкы консулдугуна кирер замат муунтулуп өлтүрүлүп, андан соң сөөгү жиликтенген. Бул тууралуу 31-октябрда Түркиянын башкы прокурору Ирфан Фидан айтып чыкты. Түрк тарап жарыялаган алгачкы бул расмий билдирүүдө кылмыш алдын-ала даярдалган план боюнча жасалганы айтылат.

Түркиянын баш прокурору журналисттин сөөгү табыла электигин да кошумчалады. Анкара Эр-Рияддан Хашогжинин сөөгү кайда экенин көрсөтүүнү талап кылып келатканы белгилүү.

Оппозициялык журналист Жамал Хашогжи былтыр Сауд Арабиядан АКШга чыгып кетип, өз мекениндеги бийликти сындаган макалаларды жазып жүргөн. Быйыл 2-октябрда түркиялык болочок жубайы менен никеге туруу үчүн тийиштүү документтерди алганы Сауд Арабиянын Стамбулдагы башкы консулдугуна кирген бойдон чыккан эмес.

Сауд Арабиянын бийлиги алгач «ал тез эле кайра чыгып кеткен” деп билдирсе, кийин “консулдуктагы мушташ учурунда өлгөнүн” айта баштаган. Көп өтпөй атайын эле өлтүрүлгөнү, бирок мындан бийлик башындагы падышалык үй-бүлө кабарсыз болгону маалымдалган. Хашогжинин өлүмүнө шектүү катары Сауд Арабияда 18 киши кармалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты