УКМК: Казакстандан аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу май ташып келген топ аныкталды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташып келген кылмыштуу топ аныкталып, ишине бөгөт коюлганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган топ узак убакыттан бери Казакстандан күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташып келип, эсепке алынбаган продукцияларды жасалма документтер менен салык органынын кызмат адамынын катышуусу менен легалдаштырып, андан ары өлкөнүн түштүк аймагында сатып жүрүшкөн.

Ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө бул мыйзамсыз каналдын уюштуруучулары Ш.М. жана Д.О., ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын башкы инспектору М.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда атайын кызмат бул кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты