Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалисттери аныкталды
- 2 года мурун
![Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалисттери аныкталды](https://pk.kg/wp-content/uploads/2022/12/756706883012264.jpg)
Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыккан командалар белгилүү болду.
10-декабрдан 11-декабрга караган түнү Марокко менен Португалия чейрек финалда беттешти. Марокконун курамасы Португалияны 1:0 эсебинде жеңип алды.
Ошентип Марокко дүйнө чемпионатында жарым финалга чыккан алгачкы африкалык өлкө болуп калды.
Кечээ түнү өткөн экинчи оюнда Франциянын курамасы Англияны 2:1 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алды.
Эми жарым финалда Франция Марокко менен беттешет. Оюн 15-декабрда жергиликтүү саат менен түңкү саат 01:00дө болот.
Жарым финалисттердин экинчи жубу — Хорватия менен Аргентина. Алар 14-декабрда жергиликтүү саат менен түңкү саат 01:00дө беттешет.
Муну бөлүшүү