Бишкектен Самара, Казань, Новосибирск шаарларына каттаган жүргүнчү поездинин графиги өзгөрдү

  • 2 года мурун

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Бишкектен Орусиянын Самара, Казань жана Новосибирск шаарларына каттаган жүргүнчү поездинин графиги өзгөргөнүн билдирди.

11-декабрдан тартып ишке кирген графикке ылайык, Бишкектен Самарага поезд ар апта шаршемби жана жума күндөрү саат 23:23тө жөнөйт. Самарадан Бишкекке шейшемби жана бейшемби күндөрү келет.

Бишкек-Казань-Бишкек жүргүнчү поезди жумасына бир жолу каттайт. Бишкек-2 темир жол бекетинен дүйшөмбү күндөрү саат 17:12де жөнөйт. Бишкекке кайра жекшемби күндөрү жергиликтүү саат боюнча 20:38де келет.

Бишкек-Новосибирск-Бишкек жүргүнчү поезди 8 күндө бир жолу каттап, Бишкек-2 темир жол бекетинен саат 02:14тө жөнөйт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты