Атамбаев да айтчусун айтат
- 6 лет мурун
- Фоторепортаж
Экс-президент, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев да журналисттер менен жолугушуп, партиянын тегерегиндеги соңку жагдай боюнча маалымат жыйынын өткөрүүгө камынууда. Бул тууралуу бүгүн парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина айтып чыкты. Анын айтымында, пресс-конференция качан болору азырынча так белгисиз, бирок жакын арада өтөрү пландалууда.
КСДП саясий кеңешинин Иса Өмүркуловду партиядан чыгарган кечээки жыйынында мындан сырткары 2019-жылдын 6-апрелинде партиянын XVIII съездин чакыруу макулдашылып, аны уюштуруу комитетин партия төрагасы Алмазбек Атамбаев өзү жетектемей болгон. Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина партия төрагасынын орун басарлыгына да тандалган.
Партия тараткан маалыматка караганда, ошондо азыр КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаевдин төрт орун басары бар. Алар: Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Сапар Исаков. Партиянын катчылыгын Таалайбек Усубалиев жетектейт.