Бишкекте ири жол кырсыгынан 8 адам жабыркады

Бишкекте ири жол кырсыгынан 8 адам жабыркадыКүбөлөрдүн айтымында, кырсык 1-ноябрга караган түнү ордо калаадагы Элебесов менен Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсыктан сегиз адам жабыркап, экөө оор абалда ооруканага жаткырылган. Аталган көчөлөрдүн кесилишинде үч унаа кагылышып, экөө талкаланып калган. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.

Расмий маалыматтарга таянсак, быйылкы 9 айда эле өлкө боюнча 5118 жол кырсыгы катталып, 458 адам жарык дүйнө менен кош айтышкан, алардын 62си жаш балдар. Мындан тышкары 6 миңден ашуун адам ар кандай жаракат алган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты