Москвада мекендештерин опузалап жүргөн кыргыз жарандары кармалды

  • 2 года мурун
Москвада мекендештерин опузалап жүргөн кыргыз жарандары кармалды

Москва шаарында мекендештеринен опузалап акча талап кылган деген шек менен эки кыргызстандык кармалды. ИИМ билдиргендей, шектүүлөр уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон.

Милициянын маалыматына караганда, кармалган жарандар Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында жеке ишкерлик менен алектенген кыргызстандыктардын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылып, аларды коркутуу жолу менен акча талап кылып турушкан.

Шектүүлөр Орусиянын күч органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалды.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр Кыргызстанда дагы милициянын ыкчам каттоосунда турган “Мырза” каймана аты менен белгилүү Т.уулу М. жана “Роха” каймана аты менен белгилүү Х.Р. экени белгилүү болгон.

Х.Р.га карата Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин 2-бөлүгү, 163-беренесинин 3-бөлүгүнүн “Б” пункту, 163-беренесинин 2-бөлүгүнүн “а”, “в”, “г”-пунктары боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда кармалгандардын мурда оор кылмыштарга катыштыгы болуп-болбогонун тактоо жана бул кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

ИИМ бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен жарандарды министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылууга чакырды.

Байланыш телефону: +7 926 890-87-00

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты