Бишкектеги №4 мектепте жардыруучу зат табылган жок

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык мэриясы №4 мектептен жардыруучу зат табылбаганын кабарлады.

Мэриядан билдиришкендей, бүгүн, 9-декабрда эрте менен саат 7:49да мектептин электрондук почтасына белгисиз бирөөлөр имаратка бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат жөнөткөн.

Билим берүү мекемесинин жетекчилиги бул тууралуу дароо укук коргоо органдарына кабарлаган.

“Окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланды. Оперативдүү-издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн имарат курчоого алынган. Текшерүү иштери аяктады, эч кандай жардыруучу зат табылган жок. Мектепте окуу процесси жандандырылды” , — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 30-ноябрда борбор калаадагы №67 жана №62 мектепке жарылуучу зат коюлганы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин окуучулар эвакуацияланган. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгында бул маалымат такталган эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты