Бишкектеги №4 мектепке жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат түшкөнү айтылууда

  • 2 года мурун

Бишкектеги №4 мектепке мина коюлганы тууралуу маалымат түшүп, ичиндегилер эвакуцияланганы айтылууда. Бул тууралуу 24.kg басылмасы Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачевага шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, мектептин имаратына мина коюлганы тууралуу анонимдүү билдирүү түшкөн.

«Укук коргоо кызматкерлери азыр жеринде иштеп жатат, мектептин имаратын текшерип бүтүп калышты», — деп билдирген вице-мэр.

Буга чейин 30-ноябрда борбор калаадагы №67 жана №62 мектепке жарылуучу зат коюлганы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин окуучулар эвакуацияланган. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгында бул маалымат такталган эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты