Ашууда кар калыңдыгы 5-35 см

2018-жылдын 1-ноябрындагы саат 9.00 га карата негизги автоунаа жолдорундагы ашуулардагы кардын бийиктиги

Бишкек-Ош авто унаа жолунун Төө-Ашуусунда ашуунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 5-15 см, түштүк тарабында 132-137 чакырымдарында 5-35 см түзөт, жолдор тайгак, муз тоңгон.
Өтмөк ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-15 см түзөт, жолдор тайгак, муз тоңгон.
Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон, кардын орточо бийиктиги 2-10 см түзөт.
“Долон” ашуусунда кардын орточо бийиктиги 2-15 см түзөт.
Чоң-Ашуу ашуусунда кардын орточо бийиктиги 2-15 см түзөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңгон.
Сөөк ашуусу 62-68 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-15 см түзөт, жолдор тайгак болуп муз тонгон. Түп-Кеген автоунаа жолунун 43-76 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-12 см түзөт жолдор тайгак, муз тоңгон.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирдиАшууда кар калыңдыгы 5-35 см

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты