Сооронбай Жээнбеков: «Аймактарга санарип программасы киргизилет»

Сооронбай Жээнбеков: "Аймактарга санарип программасы киргизилет"

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Президент бүгүн, 1-ноябрда, донорлор коомчулугу менен жолугушту. 

Президент өз сөзүндө “Бул процесс ушул жылдын аягы менен чектелбейт. Бул алдыңкы беш жылга болгон артыкчылыктуу багыт болуп эсептелет”, — деди.

Аймактык саясаттын негизги багыты бул жер-жерлерде инфраструктураларды жакшыртуу.

“Аймактарды бириктирген инфраструктураны санариптештирүү программасы ишке киргизилет. Аймактардагы калктын жашоо-шартын жакшыртуу максатында ипотекалык кредит программасы ишке киргизилет” деп белгиледи.

Ошондой эле таза суу менен камсыздоо долбоорунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Келерки беш жылдын ичинде бардык айылдарды таза суу менен камсыз кылуу маселеси алдыга коюлган. Эң негизги маселелердин бири 653 айыл, 26 райондук борборду жана 22 шаарды суу менен камсыз кылуу системасын куруу жана калыбына келтирүү”.

“Заманбап санариптик технологиялар, телемедицина жана онлайн-консультация кызматтары киргизилет” деп белгиледи мамлекет башчы.

 

.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты