Улуттук банк Толкунбек Абдыгулов алган ссуданын эмне үчүн кечирилгенин түшүндүрдү

Улуттук банк Толкунбек Абдыгулов алган ссуданын эмне үчүн кечирилгенин түшүндүрдүУлуттук банктын пресс-кызматы УБ төрагасы  Толкунбек Абдыгуловго ссуданын эмне үчүн кечирилгенин түшүндүрдү.

Маалыматка ылайык, Улуттук банк, банктар жана банк ишимердүүлүгүн жөнгө салуу жөнүндөгү мыйзамы боюнча  кызматкерлерин белгилүү учурларда колдоого мүмкүнчүлүк берет. Ссуданы берүү жана кайра кайтаруу атайын токтомдун негизинде жүргүзүлөт. Ал токтомго ылайык өзгөчө учурларда ссуда кечирилет. Ар бир конкреттүү жагдай Улуттук банктын башкармалыгы тарабынан каралат.

 

“2015-жылдын июнь айында Толкунбек Абдыгулов 5,5 млн сомго турак-жай ссудасын алган. 2017-жылдын 26-августунда Президенттин жарлыгы менен биринчи-вице-премьер министр болуп дайындалат. Саясий кызматка өткөндүгүнө байланыштуу жана Улуттук банктагы иш -тажрыйбасын эске алуу менен 2017-жылдын 31-октябрында Улуттук банк башкармалыгы ссуданын калган суммасын, 4 млн 824 миң сомду кечирүү чечимин чыгарган.”-деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин экономика жана фискалдык саясат комитетинин парламенттик жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева, Толкунбек Абдыгуловго 6 млн сом турак-жай ссудасы кечирилгенин айткан эле. Депутаттын ою боюнча бул туура эмес чечим болгон, анткени Улуттук банктын төрагасынын айлык акысы ссуданы төлөгөнгө мүмкүнчүлүк берет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты