Bloomberg кыргызстандык D Billions тобу тууралуу сюжет даярдоодо

  • 2 года мурун

Америкалык белгилүү Bloomberg басылмасы кыргызстандыктар негиздеген D Billions Ютуб каналы тууралуу сюжет даярдоодо. Бул тууралуу аталган топтун PR-директору Чолпонай Кенжекулова социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, сюжет жаштарга арналган Bloomberg Quicktake долбоору үчүн тартылууда.

«Bloomberg’дин журналисттери Кыргызстанга биринчи жолу өлкөбүз жана биздин талантуу жаштарыбыз тууралуу берүү даярдоо үчүн келишти», — деп жазды ал.

Сюжетти тартуу иштери 6-декабрда өткөн.

Белгилей кетсек, D Billions Ютуб каналы Кыргызстанда аталган видео хостингдин «Бриллиант баскычын» алган алгачкы канал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты