Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топ 17 чакырым тилкени аныктоо тууралуу макулдашты

  • 2 года мурун

1-6-декабрь күндөрү Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн чек араны тактоо боюнча топографиялык жумушчу тобунун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта жолугушуунун жүрүшүндө жумушчу топ кыргыз-тажик чек арасындагы 17,66 километр тилкени аныктоо боюнча макулдашканы айтылат.

«Азаттык» радиосу Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаевдин маалыматына таянып, тараптар макулдашккан жерлер дээрлик Лейлек районуну аймагында жайгашканын жазды.

Жумушчу топтун кийинки жолугушуусу 2023-жылдын башында Тажикстанда өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты