Жылдык кирешеси 30 млн сомдон ашпаган ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи төмөндөтүлдү

  • 2 года мурун

Кыргызстанда 2022-жылдын декабрынан тартып жылдык кирешеси 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Жаңы кирген өзгөртүүлөргө ылайык, 5-14 жумушчусу бар жылдык кирешеси 30 млн сомдон ашпаган ишканалар мындан ары кызматкердин айлык акысынын 22%ын (жумуш берүүчүдөн 12% жана жумушчудан 10%) камсыздандырууга төгөт. Буга чейин бул тариф 27,25% болгон.

Жумушуларынын саны 15 адамдан көп жылдык кирешеси 30 млн сомдон ашпаган ишканалар бул айдан тарта камсыздандырууга кызматкердин айлыгынын 14%ын (жумуш берүүчүдөн 4 % жана жумушчудан 10%) төгөт.

Мындан тышкары чакан жана орто бизнестин субъекттери үчүн Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду (0,25%) алып салынды.

Жаңы тариф 2027-жылдын 1-январына чейин иштейт.

Мындай чечим чакан жана орто ишкердиктин субъекттерин колдоо жана андан ары өнүктүрүү, аларды көмүскөдөн чыгаруу максатында кабыл алынганы айтылат.

Өзгөртүүлөр мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга, мамлекеттик ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге, ошондой эле мамлекеттин катышуу үлүшү 51 пайыздан ашык болгон ишканаларга жана уюмдарга жайылтылбайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты