Кубанычбек Жумалиев: «Комуз черткенди Роза Аманова үйрөткөн эмес, өзүм дыңгыратып эле ойнойм»

Кубанычбек Жумалиев: «Комуз черткенди Роза Аманова үйрөткөн эмес, өзүм дыңгыратып эле ойнойм»

— Кубанычбек мырза, жашооңуздагы кыйын мезгил деп кайсыл учурду эсептейсиз?
— Мен атамдын 59 жашында көргөн баласымын. Атам 1897-жылы төрөлгөн адам. Айылда туулуп өсүп, чөптөн баштап сууга чейин жонубузга ташып келип, кара жумуш менен чоңойдук. Ошол кара жумушка көнүп, кийин  калемдин учу менен иштөө мен үчүн абдан жеңил болду. Менин эң кыйын учурум деп студент мезгилимди айтар элем. Анткени атам 28 рубль, апам 20 рубль пенсия алчу. Мени анча-мынча кармаган малдарын сатып окутушчу. Ошондо 50 тыйын менен бир күн жашаган учурлар болгон. Мына ошол нерселерди эстеп: «Мен иштешим керек, ар бир секундду туура пайдаланышым зарыл» деген принцип менен иштейм. Мен үчүн бир мүнөт да убакыт жөн коробойт, кыялданганга убакыт жок. Дем алыш күн деген жок.

—Сизди жакында эле эң бай премьер-министр деп атап чыгышты. Бул боюнча эмне айта аласыз?
—Чынын айтсам, журналисттер жарыялаган 31 компаниянын ичинен айрымдарын унутуп калыптырмын. Анткени убагында катталып, бирок иштебей токтоп калган компаниялар бар экен. Алар иштеп дүңгүрөп аткан болсо бир жөн. Бирок реалдуу түрдө иштебесе да бухгалтерим соцфондго тиешелүү салыгын төлөп келген. Бул жерде баары ачык болгону жакшы, корко турган эч нерсе жок.  Ошондуктан баарын тизмектеп жарыялагандарга  рахмат айткым келет. Себеби ошол маалыматтын арты менен 12 компаниямды жаап жатам. Андан кийин дагы 12 компаниямды жабуу үчүн документтерин даярдап жүрөм. Учурда өзүм депутат болгондуктан мыйзамга ылайык, бизнестеримди башкаруу компаниясына өткөрүп бергем. Ошондуктан бир да бизнес менен алектенбейм. Бир гана жагдай Улуттук илимдер академиясынын Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунда илимий жетекчимин, аспиранттарым бар. Депутаттарга илим, билим тармагында иштегенге мыйзам жол берет.

—Убагында сиздин иштериңизди да бир топ текшерүүгө алып, кийин тынчып калды?
—Негизи 2005-жылдан бери эле мага карата каралоо, куугунтуктоо болуп, бүгүнкү күнгө чейин текшерүүлөрдөн башым чыкпай келет. Ошондуктан текшерүү жагынан иммунитетим көтөрүлүп калган. Акаев кеткенден кийин Президенттин аппарат башчысы Үсөн Сыдыков президент менен чогулган чогулушта Башкы прокурор Бекназаровго «Жумалиевди качан отургузасың, ошону отургузсаң эле Акаев жөнүндө билгенин айтып берет» деп талап кылыптыр. Жалпысынан 7 фискалдык укук коргоо органдарынан турган комиссия түзүлүп, 8 ай текшерүү жүргүзүштү. Мен вице-премьер, транспорт жана коммуникация министри, Жалал-Абад облусунун губернатору, мамлекеттик илим жанан жаўы технологиялар комитетинин төрагасы  болуп иштегем. 2005-жылы менин ордума транспорт министри болуп Ишенбай Кадырбеков келген. Мен курган жол талапка жооп береби-жокпу текшерүү үчүн Сосновкадан Чычканга чейин жолду тешип «керн» алышып, эч нерсе таппады. Андан сырткары 1993-жылдан 2005-жылга чейин кайсы мамлекеттик жумушта иштесем түзүлгөн комиссия шашпай, чарчабай жамандык издеп текшерип чыгышкан. Эмне кылышса да менин кылган ишим так, эч качан финансылык жана башка туура эмес иштерди жасаган эмесмин. Мамлекеттик ишканалар 2 жылда бир текшерилсе, мен жетекчи болуп иштеп турган мамлекеттик мекемеге  өзүм суранып, жылына текшертчүмүн. Ошондуктан канча кааласаңар текшергиле деп комиссия мүчөлөрүнө өзүм багыт берип турдум. Бирок абдан аракет кылышып, эч бир туура эмес кылынган иштерди, финансылык туура эмес каржылоону  таба алышпады.

—Кайсы бир гезитке берген маегиңизде ири суммадагы кредит алганыңызды айткан элеңиз, аны төлөп бүттүңүзбү?
—2007-жылы Электрондук эсептөөчү  заводу 25 компанияга сатылып кетип, бир бөлүгү калган экен. Ошону менин жээним, москвалык инвестор экөө алышкан. 2008-жылы Орусияда кризис болгондо инвестор «мен кетем, акчаны кайтарып бергиле» дегенде 3 банктан 2 жарым миллион доллар кредит алып, 2015-жылы араў мал-келин, көпчүлүк мүлкүн сатып жатып кутулду. Аны бүгүнкү күндө иштетүүгө аракет кылып жатат.

—Алгачкы кирешеңизди кантип тапкансыз?
—Алгачкы илимдин артынан тапкан кирешем 30 миң рублдан өйдө болгон. Ошол мезгилде Жигули автомашинасы 5 миң рубль турчу. 1987-жылы голографиялык эске тутууну түзүп, ишке киргизүү боюнча грант утуп алып, ишке киргизгенбиз. Илимий лабораторияда иштеп атканда беш илимий изилдөөчү теманын аткаруучусу болчумун. Ар бир темабыз  1 миллиондон  3 миллион  рублга чейин турчу. Ленинграддагы оптикалык деталдарды жасаган «ЛОМО» заводунан, Москвадагы мамлекеттик химиялык сүрөттөрдүн ыкмаларын изилдөөчү  илимий институтунан, Киевдеги «Тараз Щевченко» атындагы университетинен, Винницадагы рельефографиялык сүрөттєрдү изилдөө институтунан, Раменскидеги авиация тармагындагы конструктордук институтунан буйрутма алып иштечүбүз.  90-жылдары жаштардын техникалык жөндөмдүүлүгүн көтөрүү программасы өнүгүп, кандай жаңылык болсо ошону ишке киргизе ала турган прибор жасаганга уруксат берилген. Ошондо  голографиялык ыкма менен эске тутууга багытталган илимий иштерибиздин жыйынтыгын жогорудагы аталган мекемелерден башка да институттарга, заводдорго  сата баштадык.
1993-жылы мамлекеттик илим жана жаңы технологиялар комитетинин төрагасы болуп мамлекеттик жумушка өттүм. Ошол жылдан баштап  2005-жылга чейин жалаў гана мамлекеттик жумушту аткаргам. Бизнес менен таптакыр иштеген жокмун. Болгону  илим тармагында аспиранттарым  менен илимий иштеримди негизги жумуштан кийинки учурда тынбай иштеп жаттым. Биринчиден, таптакыр убактым жок болчу, экинчиден, бир ишти баштагандан кийин аягына чыкмайынча тынчу эмесмин. Үйдөн эртең менен 8де кетип, түнкү 12-1де келчүмүн. Ошол  себептен да келинчегим менен ажырашып кеттим. Менин максатым — илимге бардыңбы же мамлекеттик кызматта иштейсинби, ошол иштин так чокусуна жетүү болчу.

—Биринчи жубайыңыздагы балдарыңыз менен жакшы эле катташасызбы?
—Экөөбүздүн ортобузда эки кызыбыз бар, эки кызымдын үчтөн балдары бар. Өз алдынча турмуш куруп, үй-жайлуу болуп калган. Албетте, кыздарым менен катташып, жардам берип турам.

—Демек, бизнести 2005-жылдан кийин баштаган экенсиз да?
—Өмүр бою мамлекеттик иште иштеп, 2005-2010-жылкы окуялардан кийин турмушта өзүнүн ордун таба албай кыйналып жүргөн көп кишилерди  билем. 2005-2007-жылдары мамлекеттик жумуштан кеткенден кийин майда-чүйдө  бизнес кылып, акырындан бизнеске өтө баштадым. Ар бир эркек үй-бүлө багыш керек да. Бизнес баштап атканда өзүмө-өзүм «эч качан мамлекеттин акчасына тендерге катышып, акча алып иш кылбайм» деп сөз бергем. Андан башка да бизнестин түрү толуп жатпайбы. Анткени көрө албастар ар нерседен кынтык табышы мүмкүн. Жогорку Кеўештин депутаты болгонго чейин ашып кетсе 31 фирмалардын ичинен 2-3 фирмам иштечү, алардын салыгын убагында төлөгөндү көзөмөлдөп турчумун. Алар «Илим» фонду, «Экситон» илим изилдөө институту, жаңы технологиялар менен курулуш материалдарын чыгаруу «Атриум-констракшн» компаниясы, кыргыз-корей биргелешкен «Yontan Energy Co» ишканасы, Физика-математикалык орто мектеби. Негизи өзүмдүн илимимден өндүрүшкө киргизген компаниялар менен гана иштейм. Брикет чыгаруучу завод да быйыл иштебей турат. Анткени элибизди көндүрө албай койдук. Сата албай жабылып калды. Компанияларым негизинен билим берїї, илим изилдєє тармагына багытталган.

—Дарегиңизге айтылган ушак кептерди кандай  кабыл аласыз? Өтө катуу таасир берген нерсе кайсы болду?
—Өзүм мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө жазылган китептерди көп окуйм. Сингапурдун премьер-министри Ли Куан Ю журналисттердин «ММКга чыккан статьяларды кандай кабыл аласыз» деген суроосуна «эгерде мен ошолордун баарын өзүмө алып, жооп кайтарып күрөшсөм бүгүнкү күндө психикалык ооруканада жатышым керек эле. Мен эмне кылышым керек, канткенде көздөгөн максатыма жетем ошонун үстүндө иштейм. Аларга көңүл бурбайм» деп абдан жакшы жооп бериптир. Мен да ошол типтеги адаммын. Көрө албагандар же болбосо атайын жинине тийейин деп жазгандар көп, аларга көңүл бурбайм. Менин үстүмдөн болгон текшерүүлөрдө да «жакшылап текшергиле, иштегиле, кайсыл жерге кел десеңер барып көрсөтмө берем» деп үйдө жатканмын. Албетте, ашынып туура эмес баратса сотко берем. Мисалы, «Жумалиев Роза Аманова менен ажырашып, мүлк талашып жатыптыр» деп жазган журналистти сотко берип, аягында аны кечирим суратып, тил кат жаздырып алганбыз.

 — Саясаттан тажаган жоксузбу?
—Биринчиден, мен окумуштуумун, «саясатка келбесем оокатым өтпөй калат» деп жанталашкандардан эмесмин. Экинчиден, мамлекетчил адам катары элибиздин жашоо шартын жакшыртуу їчїн кандай мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Канткенде  республикабыздын экономикасы өнүгөт? Кандай мыйзамдарды кабыл алуу менен элибиздин жакырчылыкта жашап жаткан бөлүгүнүн жашоо шартын жакшырта алабыз? Үчүнчүдөн, бизнеске мыйзамдарыбыз кайсыл жагынан тоскоол болуп, кайсыл жагынан бөгөт болорун ичинен аңдап билдим. Ошондуктан ишкерлерге жакшы шарттарды түзүп берүү маселесин көтөрүү максатым бар. Төртүнчүдөн, 2005-жылдан кийин мен жөнүндө айтылып, жазылып жаткан ушактарга эл ишенип, мени ошондой кабыл алып калыптыр. Мен укпаган, кылбаган нерселерди кылды деп жеткиришиптир. Ошонун баары элге айтып,  кайрадан мен өзүмдү адам катары имиджимди, ким экенимди көрсөтөйүн деп келдим. Депутаттыкты саясат катары кабыл албайм.

Кубанычбек Жумалиев: «Комуз черткенди Роза Аманова үйрөткөн эмес, өзүм дыңгыратып эле ойнойм»—Комуздун кылдарын дирилдетип черткениңизди билебиз, кандай учурда комуз чертесиз? Черткенди Роза эже үйрөттү беле?
— Комузду өтө жогорку деңгээлде черте албайм. Аны черткенди Роза Аманова үйрөткөн эмес, өзүм дыңгыратып эле ойнойм. Өзүң черткенди билбегенден кийин комузду профессионалдык деўгээлде жубайын чертип берсе, өзүнчө эле рахат эмеспи. Учурда комуз черткенге дээрлик убактым жок. Анын ордуна ден соолукту чыңдоо үчүн жумасына 2-3 жолу чоң тенниске барам. Андан сырткары, эртеў мененки саат 7ден 8ге чейин курска барып англис тилин үйрөнүп жатам. Себеби илимдеги жаңы багыт боюнча иштеп жаткандыктан эл аралык симпозиумдарда англис тилинде сүйлөөгө туура келет экен. Учурда 7-деңгээлге келип калдым.

—Ырчынын жолдошу болуш кыйын эмеспи? Роза эжени кызганасызбы?
—Ар бир  адистиктин профессионалдык деңгээлде болгону жакшы. Ырчы болуу үчүн да талант керек. Элибизде салттуу музыканы даңазалаган саналуу гана ырчылар бар. Ошондуктан талантты сыйлоом, колдоом зарыл. Роза өтө жоопкерчиликтүү, мага окшош иштерман адам. Үй тиричилигине да, чыгармачылыгына да жетишет. Биздин ортобузда түшүнбөстүк, карама-каршылык, жүйөөсүз кийлигишүү деген нерсе жок. Мен жары катары чыгармачылыгына шарт түзүп беришим керек. Кытай философиясында: «Эгерде үй-бүлөдө түшүнбөөчүлүк болсо эки жак теў күнөөлүү» дегендей, Роза туура эмес кылса өзүмдү күнөөлөйм. Тескерисинче, анын ар бир жетишкени болсо, жаңы ыры чыкса ошого сүйүнөм. Үй-бүлөлүүлөр бардык жагынан бири-бирин колдосо, ошондо бекем үй-бүлө болот. Аны балдарың көрүп туура тарбия алат. Кызганыч жагына келе турган болсок, Роза андайга жол бербейт. Ортодо бир гана ишенич болуусу шарт.

Парахат Шукурова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты