Бишкектеги жатаканалардын биринде 17 жаштагы кыздын сөөгү табылды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарындагы университеттердин биринин жатаканасында 17 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция билдиргендей, кыз жатаканын бөлмөсүндө асынып алган. Маркум 2005-жылы төрөлгөн Р.А. экени белгилүү болду.

«Маркумдун денесинде зомбулуктун белгилери табылган жок. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты