Кыргызстанда калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү өнөктүгү өтөт

  • 2 года мурун


Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы 6-декабрдан 13-декабрга чейин калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, бул өнөктүк Адам укуктары күнүнө карата декаданын алкагында өтөт. Декада USAIDдин «Жигердуу жарандар» долбоорунун колдоосу менен уюштурулууда.

Анда жогорку квалификациялуу адвокаттар, юристтер, түрдүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери, Кыргызстандагы юридикалык клиникалар ассоциациясынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү акысыз укуктук консультацияларды беришет.

Укуктук жактан жардам берүү өнөктүгү көчмө жүрүш форматында өтөт. Анда тургундарга социалдык, үй-бүлөлүк, жер жана башка түрдүү маселелер боюнча кеңештер берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты