Астанада Манастын эстелиги орнотулат

  • 2 года мурун

Казакстандын борбору Астанада Манастын эстелиги орнотулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов президент Садыр Жапаров менен жолуккан учурда эстеликти орнотуу боюнча уюштуруу иш-чараларынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип, эстеликтин эскизинин долбоорун сунуштады.

Эстеликти орнотуу боюнча макулдашуу Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы 2020-2023-жылдарга кызматташтык боюнча Координациялык планынын алкагында жетишилген.

Кыргызстанда жашаган скульпторлордун жана сүрөтчүлөрдүн арасында эстеликтин эң мыкты эскизи үчүн сынак өткөрүлгөн. Сынактын жеңүүчүсү скульптор Үрүстөмбек Пазылов, архитектору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Улан Бейшенбаев болду.

Учурда эстеликтин көркөм-эксперттик комиссия тарабынан бекитилген жумушчу макети даярдалды.

Постаментти граниттен жасоо пландалууда. Скульптура өзү колодон жасалат.

Астана шаарынын акимиаты тарабынан бөлүнгөн жер боюнча чечим кабыл алынгандан кийин эстеликтин тургузула турган жерине ылайыкташуусу үчүн азын-оолак оңдоолор киргизилиши мүмкүн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты