Бишкекте «Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес-форуму өтөт

  • 2 года мурун

9-декабрда Бишкек шаарында «Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Форум жаңы бизнес байланыштарды түзүү жана агроөнөр жай комплекси, туризм жана жеңил өнөр жай тармагындагы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалог куруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачууну максат кылат.

«Делегациянын кеңири курамын эске алганда ата мекендик ишкерлер үчүн Өзбекстандын бизнес секторунун өкүлдөрү менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат», — деп айтылат агенттиктин маалыматында.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты