Сириядан алып келинген жарандар убактылуу «Алтын балалык» борборуна жайгаштырылат

  • 2 года мурун

Чолпон-Атадагы «Алтын балалык» реабилитациялык борборуна Сириядан алып келинген жарандар жайгаштырылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков брифинг учурунда билдирди.

Садыков белгилегендей, аталган жарандар борборго убактылуу жайгаштырылат.

«Учурда бул маселе боюнча иш жүрүп жатат. Бул эки айчалык убактылуу жагдай. Андан кийин борбор кадимки иштөө режимине өтүп, балдарды кабыл ала баштайт», — деди Садыков.

Ушул жылдын июнунда Министрлер кабинети Сириянын лагерлеринде жана түрмөлөрүндө жашап жаткан кыргызстандыктарды мекенине алып келүү планын бекиткен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты