Ирина Карамушкина: «Атамбаев тараптагыларга куугунтук болуп жатат»

Ирина Карамушкина: "Атамбаев тараптагыларга куугунтук болуп жатат"
Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Атамбаевдин тарапкерлерине карата куугунтук уюштурулуп жатат деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн «Азаттык» радиосуна билдирди. 

Карамушкина президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаевди атап, ал Атамбаевге каршы активисттер менен байланышта экенин билдирди.

Ошону менен катар депутат Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечими кабыл алынган жыйын легитимдүү болгонун, ага 10 адам өзү, тогуз адам ишеним кат менен катышканын маалымдады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты