Бишкекте президенттин катышуусунда футбол боюнча турнир өтөт

  • 2 года мурун

14-15-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча “Мурас” достук турнири өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси билдирди.

Мелдеш Бишкектин Арча-Бешик конушундагы “Газпром” спорт комплексинде жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Турнирге жалпы 16 команда катышат.

Турнирдин жобосуна ылайык, командалар төрт тайпага төрт командадан бөлүнөт. Алар тайпалык баскычта бир тур ойноп, андан соң финалдык этап болот.

«Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү», — деп айтылат КФБнын маалыматында.

Турнирге президенттин командасы, маданият өкүлдөрү, бизнес өкүлдөрү, ЖМК өкүлдөрү, футбол ардагерлери, спорт федерацияларынын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, дин өкүлдөрү, Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери, ооруканалардын башкы дарыгерлери, окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору, сот бийлигинин өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, спортчулар жана Кыргызстандын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери катышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты