Варшавада кыргыз-поляк парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланды

  • 2 года мурун

Варшава шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Польша парламентинин сенатынын «Польша — Кыргызстан» достук тобунун төрагасы Ян Филип Либицки менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланды.

«Тараптар Кыргызстан менен Польшанын парламентарийлеринин ортосунда сапарлар менен алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешип, мында Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги жана Польшанын парламентиндеги достук топтору негизги ролду аткара тургандыгы айтылды», — деп жазылат маалыматты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты