Иса Өмүркулов: «Партия тазаланышы керек»

 

Иса Өмүркулов: "Партия тазаланышы керек"

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жогорку Кеңеште, бүгүн, КСДП лидери Иса Өмүркулов КСДП партиясынын саясий кеңешинин өзүн партияда чыгаруу чечими жана фракция жтекчилигинен алуу сунушу билдирилгени боюнча ЖМКга  комментарий берди:

Партиядан чыгарылышы боюнча  

—Мени партиянын программасын, уставын аткарган жок деп партиядан чыгарышты, бирок мен мыйзам бузган жокмун, тартип бузган жокмун, уставын тутуп келатам. КСДПда 25 жылдан, анын түптөлүшүнөн бери, мүчө болуп келатам. Бир далай кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Өзгөчө Акаевдин, Бакиевдин дооруна чейин. Ал кезде өмүрүмө, үй-бүлөмө коркунуч туулганда, кол салуулар болгондо да, партиянын идеясын кармангам. 2007-жылы революцияда бир тууганым жарадар болгон.

Мени партиядан чыгаруу легитимсиз болду деп эсептейм, саясий кеңештин бир ууч кишиси эле чечип койду, калгандарынын бул маселе эмнеге күн тартибинде турганынан маалыматы болгон жок. Жыйындын протоколун, ким добуш бергенин, ким катышканын көргөнүм жок.

Мени КСДП басма сөз кызматы “чыккынчы” деп айтып жиберди. Ошол мени партиядан чыксын дегендердин өздөрү чыккынчы. Бул  революцияны, анда курман болгондордун үмүтүн актабагандык.

Жакында коом баарын угат, ким уставга каршы болгонун, ким эмне кылганын. Сөзсүз жооп берилет. Мен партияга көчөдөн келген киши эмесмин. Партиядан чыгарыш үчүн орчундуу себеп болушу керек болчу. Анлай себеп жок.

“КСДПсыз Атамбаев” кыймылы боюнча

—Бул маселени көтөргөн демилгелүү топту фракция жетекчиси катары кабыл алгам. Мен бардык партия мүчөлөрүн, анын ичинде,  Кыргызстандын бардык суроосу бар жарандарын кабыл алам. Демилгелүү топ Асылбек Жээнбековдун атынан келген эмес.

Мен “Атамбаевсиз КСДП” боюнча өз позициямды билдирген эмесмин. Эми бул маселе катализатор болот. Мен үчүн коомдун, өлкөнүн кызыкчылыгы баарынан жогору турат.

Фракция лидерлиги боюнча

—Мен бул маселени фракция мүчөлөрүнө коём. Фракция чечет, ким лидер болорун.

Саясий кырдаалдын курчушуна алып келбейби?  

—Легитимсиз чечим партиянын ичинде тирешүүгө, дестабилизацияга алып келиши мүмкүң. Бул жалпы өлкөдөгү саясий абалга таасирин тийгизиши мүмкүн. КСДП эң чоң партиялардын бири.

Шайлоо каражаттары боюнча

—Президенттик шайлоо штабында иштегем. Анда ар кимдин өз кызматы бар болчу. Бирок шайлоо каражатына менин тиешем жок болчу.

Партиянын келечеги тууралуу

—Партия тазаланыш керек. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Өз кызыкчылыгын көздөгөн,  партиянын аты менен кызматка келгендерден. Партия мындан ары да жашаш керек.

Айжан Айтышева 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты