Ошто 16 жаштагы секелек эне болду

Ошто 16 жаштагы секелек эне болдуОш облустук төрөт үйүндө он алты жаштагы кыз төрөп, чыгып кеткени белгилүү болду. Дарыгерлердин айтымында, кыз алгач төрөт үйүнө келгенде жашын эки жашка чоңойтуп, 2000-жылы туулганын айткан. Кийин чыгарда паспортун сурашканда апасы анын туулганы тууралуу күбөлүгүн алып келип берген. Ал документ боюнча эне болгон секелек 2002-жылы туулганы, 16га эми гана чыкканы билинген. Ушундан кийин гана төрөткана жетекчилиги милицияга кайрылган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан азыр бул факт териштирилип жатканын билдиришти.

Расмий маалыматтарга таянсак, бойго жете элек кыз төрөгөн мындай учур облуста быйыл биринчи жолу катталып жатат.

Дарыгерлер жаш эненин да, ымыркайдын да саламаттыгы жакшы экенин айтууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты