Өмүркулов: Мени партиядан чыгаруу чечими легитимсиз

Өмүркулов: Мени партиядан чыгаруу чечими легитимсизЖогорку Кеңештеги  КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов аталган партиянын саясий кеңешинин соңку чечими легитимсиз деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Мени партиядан чыгаруу чечими легитимсиз, мен КСДПнын мүчөсү бойдонмун”, — деди Өмүркулов.

Партиянын келечеги тууралуу суроого ал: “КСДПнын келечеги зор, бирок тазаланыш керек”, — деп жооп берди.

Кечээ кечинде Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечимин кабыл алганын, ал партиянын уставына, максатына каршы келген аракети үчүн катардан чыгарылганын жарыялаган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты