Өмүркулов: Мен эмес, мени партиядан чыгаргандар чыккынчы

Өмүркулов: Мен эмес, мени партиядан чыгаргандар чыккынчыЖогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов маалымат жыйынында аталган партиядан чыгаруу себебин билбестигин айтты:

“Себебин билбейм, мен ал жыйындын протоколун азырынча көрө элекмин, кимдер добуш бергенин билбейм. Мен мыйзамды, партиялык тартипти бузган жокмун, партиянын уставын тутуп келем, 25 жылдан бери ушул партиядамын. Ар кандай тоскоолдуктарга, үй-бүлөмө, өмүрүмө коркунуч, кол салуулар болгонуна карабай партиянын идеясы үчүн туруп келдим. Мени партиядан чыгарган топту легитимсиз деп эсептейм, 5-6 гана мүчө чогулуптур. Мага карата чыккынчы деген сөз айтылып жатат, мен ошол мени чыксын деп добуш бергендерди чыккынчы деп эсептейм. Алар революция үчүн, идея үчүн аянтта курман болгондордун элесин, идеясын сатты деп эсептейм”, — деди Иса Өмүркулов.

Кечээ кечинде Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечимин кабыл алганын, ал партиянын уставына, максатына каршы келген аракети үчүн катардан чыгарылганын жарыялаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты