Никитенко милиция кызматкерлерин куттуктады

Никитенко милиция кызматкерлерин куттуктады

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Милиция кызматкерлеринин бүгүнкү, 1-ноябрдагы, кесиптик майрамы менен депутат Н. Никитенко куттуктады.  

Урматтуу  милиция кызматкерлери! Ардактуу ардагерлер!Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын милициясынын күнү менен куттуктайм.

Ушул кесипке өмүрүнүн күлгүн кезин арнаган ардагерлерине да ыраазычылык билдирем. Сиздер Кыргыз Республикасынын милициясынын өнүгүшүнө, өлкөдө укук тартибинин сакталышына зор салым кошуп, муундар ортосунда үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылып келе жатасыздар.

Сиздерге бекем ден-соолук, тынчтык жана бакубат турмуш, ишиңерде ийгиликтерди каалайм.

Наталья Никитенко,

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты