Президент Индия, ЕБ жана Жапония элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-ноябрда Индия Республикасынын, Европа Биримдигинин жана Жапониянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишеним грамоталарын Индия Республикасынын элчиси Арун Кумар Чаттержи, Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон жана Жапониянын элчиси Хидеки Года тапшырды.

Салтанаттын башында чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчыларын ардактуу кароол ротасы тосуп алды.

Расмий маалыматка караганда, Жапаров элчилердин ар бири менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, анда эки тараптуу мамилелердин ар кыл маселелери талкууланды.

Ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, туризм, «жашыл» экономиканы киргизүү, энергетика, ошондой эле эки тарапты кызыктырган башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты