Кыргызстанда Венргиянын жогорку окуу жайларында билим алууга сынактык тандоо башталды
- 2 года мурун
2023-2024-окуу жылы үчүн Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын алкагында Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алууга сынактык тандоо башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Министрликтен билдиришкендей, Кыргызстандын жарандарына Венгриянын ЖОЖдорунда бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа, магистратура жана докторантура программалары боюнча венгр же англис тилдеринде окуу үчүн гранттар бөлүнөт.
“Конкурстук сыноолорго каттоо жана катышуу акысыз негизде жүргүзүлөт. Башка агенттиктер аркылуу тапшырбаңыз жана алардын тапшыруу кызматтары үчүн акы төлөбөңүз”, — деп айтылат маалыматта.
Стипендиялык программага катышуу боюнча суроолорду иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 625082, 621519, 620497 номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот.
Ошондой эле 2022-жылдын 1-декабрынан 2023-жылдын 13-январына чейин программага катышуу боюнча суроолорду [email protected] электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.