Кыргызстандык эки окуучу физика боюнча эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болду

  • 2 года мурун

Кыргызстандык эки окуучу физика боюнча эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болду. Бул тууралуу «Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси билдирди.

Маалыматка ылайык, физика боюнча эл аралык Belarusian Open Physics Oympiad олимпиадасы 20-26-ноябрда Беларусь өлкөсүндө онлайн форматта өткөн. Ага 9 өлкөдөн 100дөн ашык окуучу катышкан.

Кыргызстандын атынан катышкан Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучулары Бектур Баратали менен Атай Турдукеев коло медалга ээ болду. Хусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 9-классынын окуучусу Иса Мамытов менен Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 9-классынын окуучусу Атай Озокеев кызыктыруучу сыйлыкка татыды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты