Москвада Кыргызстандын жаранына кол салуу болуп, жанындагы 100 миң долларын уурдап кетишти

  • 2 года мурун

Москвада Кыргызстандын жаранына кол салуу болуп, жанындагы 100 миң долларын уурдап кетишкен. Бул тууралуу Тасс маалымат агенттиги жазды.

Басылма билдиргендей, окуя 28-ноябрда Москва шаарынын Литовский бульварында болгон. Белгисиз адамдар тапанчадан ок атып, ичинде 100 миң доллары бар баштыгын уурдап кетишкен.

Москва полициясынын кызматкерлери ошол эле күнү кол салууга шектүүлөрдүн бирин кармаган.

Полициянын маалыматына ылайык, кол салуу алдын ала пландалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты