Жамгыр карга айланат

Жамгыр карга айланат

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1-2-ноябрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында 1-2-ноябрда жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан, кар жаашы  күтүлөт.
1-2-ноябрда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланышы, тоодо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Таластын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарында секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
1-3-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° суук…+2° жылуу болушу күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткендин дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 9…14° жылуу,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты