Чүйдө ири долбоордун курулушу башталды

Чүйдө ири долбоордун курулушу башталдыПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Чүйдүн Аламүдүн районундагы «Silk Way» индустриалдык-логистикалык паркы курулчу жерге капсула коюу салтанатына катышты. Долбоор өкмөт кабыл алынган өлкөнүн текстилдик жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча программасын аткаруу алкагында ишке ашырылуда.

«Silk Way» Индустриалдык паркы» ЖЧКнын башкы директору Адилет Кубанычбеков өкмөт башчыга маалымдагандай, парктын аймагында тигүү, текстилдик жана бут кийим продукциясын өндүрүү боюнча 112 профилдик фабриканын курулушу пландаштырылууда. Комплекс 70 гектар аянтты ээлеп, жалпысынан анда 35 миң жумушчу орун түзүлөт.

“Масштабдуу долбоорго тартылган каражаттын көпчүлүк бөлүгү – бул жергиликтүү ишкерлердин инвестициясы. Аларды Кытай жана Түркиянын инвесторлору колдоого алды. Жалпысынан алганда аталган индустриалдык-логистикалык парктын курулушуна 200 млн АКШ доллары жумшалат», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев бул салтанатта.

Курулуш иштери эки баскычта пландаштырылууда: 2019-жылдын биринчи кварталынын башында жана 2020-жылдын ортосунда. «SilkWay» паркынын аймагында 6 негизги сектор болот, анын ичинде: административдик-ишкердик курулуштар аймагы; бажы-логистикалык терминал; ири габариттүү транспортторду тейлөө; өнөр жай жана административдик-коммуналдык курулуш аймагы; парктык-рекреациялык аймак; инженердик-техникалык аймак.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты