Назми, ырчы: “Жолдошумдун 10-20 баласы болсо бардыгын бакканга даярмын”

Назми, ырчы: “Жолдошумдун 10-20 баласы болсо бардыгын бакканга даярмын”

Nazmi

Ырчы Назми сахнага жаңы образ менен чыга баштады. Буга жаңы продюсер менен иштеп жатканы себеп болду. Биз Назмиге жолугуп, анын жаңы стили, жаңы деми, арыктоо ыкмасы, үй-бүлөсү жана башка темаларда маек курдук.

— Чыгармачылыкка кандайча келип калгансыз? Кичине кезиңизде дагы ырчы болууну каалачу белеңиз?

— Кичине кезимде милиция болгум келчү. Мектепти аяктап, Бишкекке милициянын жогорку мектебине тапшыруу үчүн келгем. Бирок 18 жаштан жогорку кыздарды алгандыгына байланыштуу, бир жыл күтүүгө туура келди. Ага чейин өзүбүздүн айылдагы маданият үйдө Д.Мидинов жетектеген топтун солисти болчумун.  Бир жылымды текке кетирбөө менен бирге музыкалык билимимди жогорулатуу максатында М.Күрөңкеев атындагы искусство институтунун Рафаэл Сарлыков  жетектеген эстрада-вокал бөлүмүнө тапшырып, өтүп кеттим. Бир жыл өткөн соң, милиция окуу жайына тапшырууну унутуп коюп, искусство институтунда окуумду уланттым. Окуу менен бирге шаардагы ресторандарда жандуу ырдап, профессионал ырчылар менен иштешип калдым. Төрт жыл өткөн соң сахнага чыгуу тууралуу ой пайда болуп, 2001-жылы чоң сахнага аттангам.

Жолдошуңуз менен кандайча таанышып калгансыз?

— Жолдошум Талант Токтогул районунун Жетиген айылынан болот. Кафе-ресторандарда иштеп жүргөн учурда  бир кафеге барып ырдап калдым, анан ал жерде жолдошум топтун жетекчиси  болчу, өзү да ырдачу. Ошентип таанышып калганбыз. Бир ай иштеп, ал жумуштан кетип калгам. Ошондон 13 жыл өткөндөн кийин экөөбүз баш коштук.

— Ар бир келин алгач барган күнүн унутпаса керек, сиз келин болуп барган күнүңүз эсиңиздеби?

Назми, ырчы: “Жолдошумдун 10-20 баласы болсо бардыгын бакканга даярмын”

Назми стилин өзгөрттү.

Алгач келин болуп барганымда Роза Шакирова, Сапар Сопубеков болуп чогуу барганбыз. Үйгө кирсек эле кайненем жоолук салып, бата берип калды. Мурун Сапар экөөбүз сахнага чыгып жүргөндө Мадина Тапаевага тиктирген этно-костюмум бар болчу. Ошол костюм жоолук менен болчу. Ошондо жоолукту байлай албай, жүдөй берчүмүн, анан Сапар байлап берчү. Кайненем жоолук салганда толкунданып, сүрдөп кетип, башымды Сапарга тосуп жиберип жатпаймынбы (күлүп). Ал дагы сахнага чыга тургандай кылып тыпылдап байлап жибергенде, элдин баары кыраан-каткы болуп күлүп жиберишкен.  

— Жолдошуңуздун мурунку турмушунан эки баласы бар экендигин билебиз. Алгач барганыңызда кандай кабыл алышкан? Учурда кандай мамиледесиздер?

— Жолдошумдун балдары биз менен жашашат. Мамилебиз жакшы, бирок өзүндүн балдарыңа кичине катуураак айтсаң, балаң көтөрөт. А бул жерде өзгөчө мамиле кылуу, бири-бирин түшүнүү керек. Ар дайым айтып калам жолдошумдун 10-20 баласы болсо бардыгын бакканга даярмын. Анткени бала деген эң сонун нерсе, Кудайдын чоң белеги. Кызым менин чоң сырдашым, кеңешчим, балам болсо 11-классты аяктап жатат, ал дагы жакын жардамчым. Балдарды тарбиялоодо жакшы психолог болуу керек. Катуурак айтчу учурда катуурак айтып, бирок көңүлүн оорутуп албаш керек. Кудайга шүгүр, ортобузда түшүнбөстүктөр болгон жок. Келечекте балдарымдын жакшылыгын көрүп, небере-чөбөрөлөрүм менен бапырап, мындан да чоң үй-бүлө болгум келет. Бул мен үчүн бакыт.

— Чыгармачылыктан алыстап кетишиңизге эмне себеп болгон?

— Чыгармачылыкты такыр эле таштап салган жокмун. Жолдошумдун колдоосу менен ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып жүрдүм. Бирок көпчүлүк убактымды үй-бүлөм менен өткөрдүм. Турмушка чыгып, бала-чакалуу болуп, кичинекейлеримди чоңойтуп, үй-бүлөмдү бир нукка салып коюп кайрадан чыгармачылыкка билек түрө киришип жаткан учурум. Учурда Арсен Мендебаев жетектеген “СинемаАрт” продакшн студиясы менен келишим түзүп, ишти баштадык. Келишимге ылайык, стилимди өзгөртүп, репертуарыма бир аз өзгөртүү киргиздим. Эң биринчи ырым Шахзада Авсаматовага таандык “Бактым тоодой ушундай” ыры болду. Ырды алгач укканымда жан-дүйнөмө жакын экенин сездим.  Ырды  ырдап жатканда дагы оорчулук жараткан жок. Аранжировкасы кызыгуу менен жасалды, бир топ убакытты талап кылды, ырдаганым жакпай калып, кайра-кайра ырдоого туура келди, айтор, бул ыр үч айдай убакытты талап кылды. Учурда Эркин Мээрканов менен иштешип жатабыз. Буюрса, анын обонуна жазылган ырларды элге тартуулоо алдында турабыз.

— Сахнадан алыстап, үйдө отурганыңызда эмне менен алек болдуңуз? Депрессияга кабылган учурларыңыз болдубу?

 — Кош бойлуу кезимде үйдө отуруп, чыгармачылыктан алыстап, депрессияга кабылдым. Кесиптештеримдин клиптерин, концерттерин көрүп, ырдагым келип жүрдүм. Кош бойлуу кез эң бактылуу күндөр эмеспи, ошол учурда буюрса балалуу болуп, баламды чоңойтуп, анан сахнага кайтам деп өзүмдү жооткотуп койчумун. Андан сырткары, жолдошум дагы колдоп-коштоп турду. Гитара ойногонумдун дагы пайдасы тийди окшойт. Үйдө отуруп алып, гитара менен кыңылдап ырдап калчумун. Комузду бир аз үйрөнүп, черте баштадым. Мына ушулардын баары менин депрессиядан арылуума жардам берди десем болот.

— Сахнага жаңы образда кайтууңузга эмне түрткү болду?

— Чыгармачылыкка кайтуума балдарым түрткү болду. Балдарымды отургузуп алып, мектепти жакшы окуп, келечекте жакшы бир кесипти тандашыңар керек. Кийин кесиптин майын чыгара иштеп, ошол кесип менен агарып-көгөрүшүңөр керек деп акыл үйрөтүп жүрүп, өзүмө суроо бердим “Мен өзүм чыгармачылыкты ара жолдо таштап коюп, балдарыма кантип акыл үйрөтүп жатам?” деп. Анан жолдошум дагы “балдар чоңоюп калды, сен эми чыгармачылыкка кайт, изден”,- деп калды. Ошентип Арсен байке менен иштешип калдым.  Арсен байке менен Замира Молдошева жаңы образымды жаратышты. Жаңы ырларды жаздырдык, азыр клип тартып жаткан учурубуз.

— Кандай жол менен ашыкча салмактан арылдыңыз?

— Мен өзүм бат толуп кетем десем болот. Ошондуктан жаш кезимден бери көп нерседен баш тартууга аракет кылам. Кош бойлуу кезимде абдан толуп кеттим. Кызымды эмчектен чыгаргандан кийин арыкташ керек деп, фитнеске, аэробикага барып, жакшы натыйжага ээ болдум.  Арыктап жаткан учурда кетирген ар бир граммды карап, ушул оорчулук менен  кетирген салмакты көрүп туруп кантип көп жейм? “Болду, мындан ары көп жебейм” деп өзүмө сөз бердим. Экинчи кызымды эмчектен чыгаргандан кийин дагы диета менен спорт жакшы натыйжа берди.

— Үйдө кандай энесиз?

— Балдарым, жолдошум айтпаса өзүм айта албасам керек. Жакшы психолог болуу  керек. Баланы лидерликке даярдаш керек. Атайын китептерди, интернеттеги маалыматтарды окуп балдарымды тарбиялаганга аракет кылам. Өтө эркелетпейм, кичине болсо да бул болот же болбойт деп айтып турам. Өтө катуу дагы эмесмин, өтө жумшак дагы эмесмин, орточо элемин.

— Келечекке кандай пландарыңыз бар?

— Быйыл сахнада жүргөнүмө 17 жыл болот. Негизи 15 жылдык концертимди беришим керек болчу. Ошол кезде убактым дагы жок болчу, өзүм дагы даяр эмес болчум. Буюрса күздө өзгөчө, жандуу, жогорку деңгээлдеги концертимди берүүнү пландап жатабыз.

Гүлшайыр Сабырбекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты