КСДП Иса Өмүркуловду катарынан чыгарды

КСДП Иса Өмүркуловду катарынан чыгардыКыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечимин кабыл алды. Мындай чечим саясий кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынганын партиянын маалымат кызматы кабарлады. Анда Иса Өмүркулов партиянын уставына, максатына каршы келген аракети үчүн катардан чыгарылганы айтылат. Ошондой эле партиянын парламенттеги фракциясынын депутаттарына Өмүркуловду фракция башчылыгынан чакыртып алуу сунушталган.

КСДП саясий кеңешинин бүгүнкү жыйынында мындан сырткары 2019-жылдын 6-апрелинде партиянын XVIII съездин чакыруу макулдашылып, аны уюштуруу комитетин партия төрагасы Алмазбек Атамбаев өзү жетектемей болду. Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина партия төрагасынын орун басарлыгына да тандалган.

Партия тараткан маалыматка караганда, ошондо азыр КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаевдин төрт орун басары бар. Алар: Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Сапар Исаков. Партиянын катчылыгын Таалайбек Усубалиев жетектейт.

Иса Өмүркулов өзү соңку чечим боюнча азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты