Кыргызстандык авиакомпаниянын учагы Макао аэропортунан учуп баратканда кыймылдаткычы күйүп кеткен

  • 2 года мурун

Кыргызстандык «Аэростан» авиакомпаниясынын Boeing 747-200F жүк ташуучу учагы 23-ноябрда Кытайдагы Макао эл аралык аэропортунан (MFM) учуп баратканда кыймылдаткычы күйүп кеткен. Бул тууралуу Simply Flying авиапорталы жазды.

Маалыматка ылайык, учак Бишкекке карай «Манас» эл аралык аэропортуна багыт алган. Учак 10 миң фут (болжол менен 3 км) көтөрүлгөндө Pratt & Whitney JT9D кыймылдаткычы жанып, жалын көрүнө баштаган. Экипаж кыймылдаткычты өчүрүп, кайра Макао аэропортуна кайткан.

Макаонун жарандык авиациясы бул кырдаалга төмөндөгүдөй түшүндүрмө берген:

«Жүк ташуучу учак учуу-конуу тилкесине саат 13:59да конду. Капитандын талабы менен аэропорттун өрт өчүрүүчү командасы кыймылдаткычтагы жалынды өчүрдү. Андан соң учак перронго жеткирилди. Кырсык экипаждын мүчөлөрүнө эч кандай зыян алып келген жок. Учактын коопсуздугу боюнча башка эч кандай кооптонуу жок экенине баа берилгенден кийин Авариялык операция борбору саат 14:44тө өчүрүлүп, аэропорт кадимки тартипте иштей баштады».

Учак техникалык кароодон өтүп, 24-ноябрда Макаодон Бишкекке учуп келген.

Бул учакка ээлик кылган «Аэростан» авикомпаниясы жүк ташуу менен алектенет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты