УКМК Чыңгыз Айдарбековдун кармалганы тууралуу маалыматты төгүндөдү

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбековдун кармалганы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Атайын кызмат Айдарбеков эч кандай суракка алынбаганын билдирди. УКМКнын маалыматына ылайык, депутат учурда Казакстандын аймагында.

Чыңгыз Айдарбеков жана анын партиялашы Эмил Жамгырчиев 26-ноябрда Казакстанга бара жатканда «Ак-Жол» өткөрмө бекетинен Жамгырчиевди өткөрбөй коюшканы, аны УКМК кызматкерлери алып кеткени тууралуу маалымат тараган.

Депутат Мирлан Самыйкожо «Кактус Медиа» басылмасына Жамгырчиев УКМКнын имаратына алынып келгени менен, ичине кирбегенин, бир аздан кийин ага бош экенин айтышканын билдирген.

27-ноябрда Эльвира Сурабалдиева социалдык тармактарда кесиптеши Чыңгыз Айдарбековдун кайда экени белгисиз болуп жатканын жазып чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты