Толкунбек Абдыгулов 6 млн сом ссуданы кайтарып берген эмеспи?

Толкунбек Абдыгулов 6 млн сом ссуданы кайтарып берген эмеспи?Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер-министр кызматын ээлеп турган кезинде алган 6 млн ссудасы кечирилген. Бул тууралуу Жогорку кеңештин жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева билдирди.

—Ал ссуданы фице-премьер-министирдин кызматына келгенде алган. Буга уруксат берген токтом бар. Бирок, Улуттук банктын төрагалыгына кайра дайындалгандан кийин, ссуданы кайтарып берген эмес, -деди депутат.

Толкунбек Абдыгулов 2014-жылдан тарта Улуттук банктын төрагалык кызматын ээлеген. 2017-жылдын 26-августунан 23-ноябрына чейин биринчи вице-премьер-министрлик постто отурган. Кайра 2017-жылдын 21-декабрында Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган.

Биз Толкунбек Абдыгулов иш-сапары боюнча чет өлкөдө жүргөндүгүнө байланыштуу жооп ала албадык.

Эскерте кетсек, ссуда бул белгилүү мезгил үчүн акча, мал-мүлктү берүү. Ссуда алган адам адам белгилүү мөөнөттө аны кайтарып берет. Мисалы, кредит банк тарабынан берилсе, ссуда жетекчи тарабынан кызматкерлерине же мамлекет тарабынан жарандардын белгилүү катмарына берилет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты