Кызылча илдетинен бир өмүр кыйылды

Кызылча илдетинен бир өмүр кыйылдыБишкекте кызылча оорусуна кабылган бир ымыркай чарчап калды. Бул өлкөдө кызылчадан адам каза болгон алгачкы учур.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын билдиришинче, октябрь айында Бишкектеги жугуштуу оорулар бейтапканасына алты айлык ымыркай түшүп, бирок өзүнө келе албай чарчап калган.

“Анын башка да илдеттери болгон. Дем алуу органдары жабыркап, андан ары пневмонияга өтүп кеткен. Кыздын ата-энеси аны сасык тумоо болуп жатканын ойлоп, үйдө 5 күн дарылашкан. Кызылчанын ушунусу жаман, ал өрчүп, башка илдеттерди козгойт. Эки өпкөсү тең пневмония болуптур», — дейт дарыгер.

Маалыматтар боюнча, 2018-жылы кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 500дөн ашкан. Анын ичинен 48 пайызы бир жашка чыга элек балдар.

Кызылча оорусу аба аркылуу тез арада жугат. 2016-жылы Кыргызстанда бир да учур катталган эмес. 2017-жылдын декабрында жети учур катталып, быйыл жыл башынан бери бул илдетке чалдыккандардын саны 500дөн ашты.

Кызылчага каршы эмдөө бала бирге жана алты жашка чыкканда эки жолу жүргүзүлөт. Бирок соңку жылдары эмдөөдөн баш тарткандар көбөйүүдө. Алардын басымдуу бөлүгү мындай чечимин диний көз карашы менен байланыштырып келет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты