Жыл башынан бери жол кырсыгынан 458 адам кайтыш болду

Жыл башынан бери жол кырсыгынан 458 адам кайтыш болдуКыргызстанда быйылкы жылдын 9 айында жол кырсыктарынан 458 адам жарык дүйнө менен кош айтышты, алардык 62си жаш балдар. Мындан тышкары 6 миңден ашуун адам ар кандай жаракат алган.

Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Марс Тентиев билдирди. Анын маалыматына караганда, өткөн 9 ай ичинде өлкөдө 5118 жол кырсыгы катталып, алар боюнча 265 кылмыш иши козголгон. Калган 4710 жол кырсыгы боюнча иш козгоодон баш тартылган.

Жол кырсыктарынын 977сине жаш балдар аралашып, 62 бала каза тапса, дагы миңден ашуун бала ар кандай жаракат алган. Башкы көзөмөл органдын өкүлүнүн айтымында, жол кырсыктарынын көбү Бишкек шаары менен Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты