Төрт жаштагы баласын өрттөп жиберген ата соттолду

Төрт жаштагы баласын өрттөп жиберген ата соттолдуОрусиянын Челябинск облустук соту төрт жаштагы баласын тирүүлөй өрттөп, чогуу жашаган түгөйү менен өзүн өлтүрүүгө аракет кылган өзбекстандык кишиге өкүм чыгарды.

Сотто айтылганга караганда, 31 жаштагы Бахром Дадаханов жарандык никеде жашаган аялы менен чатакташа кеткен соң, короодо токтоп турган машинасынан бензин куюп алып, аны үйдүн ичине, өзүнө жана аялынын үстүнө куйган да ширеңке чагып жиберген.

Айлана-тегерегек заматта жалындап, аялы экөө алоолонгон оттун арасынан сыртка качып чыгууга үлгүргөн. Эрди-катын күйүктөн жаракат алганы менен аман калган. Бирок үй ичинде калган алардын төрт жашар баласы тирүүлөй күйүп калган.

Сот өзбекстандык Бахром Дадахановду бул кылыгы үчүн 19 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтөнүн катаал режимдеги абакта өтөөгө өкүм кылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты