Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

“Республика-Ата-Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Нурбек Тотонов ант берди. Ант берүү аземи 31-октябрда, парламент жыйынында өттү.

Буга чейин 26-октябрь күнү, Борбордук шайлоо комиссиясы “Мегаком” компаниясынын генералдык директору болуп дайындалган Акылбек Жамангуловду депутаттык мандаттан ажыраткан.

Ал эми мандат шайлоо тизмеси боюнча кийинке кезекте турган Нурбек Тотоновго өткөн. Ага парламенттик мүчө күбөлүгү жана төш белгиси тапшырылды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты