Жаан, тоодо кар жаайт
- 6 лет мурун
- Аналитика
Республикада, бүгүн, 31-октябрда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл ойдунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!