Райсот Марлес Феликс неге кызматтан алынды?

Райсот Марлес Феликс неге кызматтан алынды?

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жазык жоопкерчилигине тартууга Башкы прокурорго макулдук бергендигине байланыштуу Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Марлес Феликс жергиликтүү сот судьясынын кызмат ордунан четтетилди.

2018-жылдын 27-сентябрында Соттор Кеңеши алдындагы Тартипкомиссиясынын жыйыны болгон. Комиссиянын төрайымы Кымбат Архарова, мүчөлөрү Ч. Мусабеков, Т. Бекешов, К. Турганбеков, А. Тилекеева, С. Муртабекова, А. Кулбаев болгон. Алар Чүй облусунун судьялары Марлес Феликс, Бактыгүл Алымбекова, Урмат Маматкеримовдун үстүнөн арызданган. Баяндамачы Кымбат Архарова болгон. Анда соттордун кемчиликтери айтылган. Анын ичинде Марлес Феликстин бир ишти үч жыл караганы, жыйынды кеч баштаганы ж.б. белгилеген.

Ал эми ушул жылдын 5-мартында адилетсиз сотторго каршы митингге чыккандар дал ошол Кымбат Архарованын ишине нааразы болушкан. Ал эми судья Кымбат Архарова Чынара Жакупова, Дина Маслова, Нарын Айып боюнча өкүм чыгарган.

Ал эми 2010-жылы ушул эле сот Марлес Феликс болсо Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев, Улан Рыскуловду ж.б. жети айыпталуучуну  Петровка окуясы боюнча актаган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты