Кулматов абакта калтырылды
- 6 лет мурун
- Баяндар
Жогорку сот Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовун баш коргоо чарасын карап, аны камакта калтырды. Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев айыпталуучуну үй камагына чыгаруу боюнча алардын өтүнүчү аткарылбай калганын айтты.
Экс мэр Кулматов коррупция беренеси боюнча, кыргыз жарандыгын алууда мыйзамды бузганын, чек арадан мыйзамсыз өткөндүгу ж.б. бир катар беренелер боюнча айыпталып, Улуттук коопсуздук комитетинин абагында жатат.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбек Кулматовду 28-ноябрга чейин камакта калтыруу боюнча чечим кабыл алган.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!