Түндүк-түштүк жолуна Азия өнүктүрүү банкы грант берүүгө даяр

Түндүк-түштүк жолуна Азия өнүктүрүү банкы грант берүүгө даяр

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Түндүк-Түштүк жолуна Азия өнүктүрүү банкы 68,5 млн доллар насыя жана 9,5 млн доллар грант берүүгө даяр.  Бул тууралуу транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев билдирди.

Жолдун Балыкчыдан Бишкек-Торугарт багытындагы, Кочкордон Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырымды каржылоо жагы калды, калганы каржыланып бүттү.

Насыя мөөнөтү – 32 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү – 8 жыл. Кыргыз тарап 12 млн 750 миӊ доллар кошумча каражат кошууга тийиш.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты